Жаңылыктар

26.03.2025 18:07

   Кароолор: 250

БАТКЕН: КООПТУУ АЙМАКТАРДА ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Облус аймагында быйылкы жылга карата кооптуу делген аймактарда изилдөө иштери жүргүзүлдү. ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти менен кошо Калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн офицерлери жумуш алып барды. Адистер Кадамжай районунун аймагында жер көчкү жана таш кулоо кооптуулугу бар тилкелерде болуп, изилдөө иштерин жүргүзүү менен бирге жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту.

Атайын аппараттын жардамы менен кооптуулуктун активдешүүсүнө байкоо жүргүзүлдү. Ал эми кооптуу тилкеде жашап жаткан тургундарга тиешелүү маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Маалымат катары айта кетсек, Кадамжай районунун аймагындагы 6 айыл аймакта кооптуу аймактар бар жана ал тилкелерде жалпы 48 үй-бүлө жашап келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу