Жаңылыктар

10.06.2024 13:23

   Кароолор: 318

БАТКЕН: КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗДОО ӨЗҮБҮЗДӨН БАШТАЛАТ

Мындай чакырыкты айтып жаткан ӨКМ кызматкерлерин Баткен токой чарбасы менен жергиликтүү бийликтин кызматкерлери да коштоп жүрүүдө. Анткени жайкы эс алуу мезгилинде жарандардын суу жана өрт коопсуздугун камсыздоо максатында алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кажет. Мындай маанидеги иш-чараларды жеке ишкерлер, эс алууга келген жарандар да колдоп жатышат.

Жайкы аптапта жарандар эс алууну көбүнесе табият койнунда өткөрүшөт. А бирок таштандыларды туш келди ыргытып, эс алуудан кайтарда отту кароосуз калтыруудан улам өрт чыгуу коркунучу жогору. Мындан улам айыл өкмөт тарабынан да атайын эскертүү тактайлары орнотулууда. Ал эми жайыт жана токойду сактоо, табиятка аяр мамиле жасоо жана эң башкысы жарандардын коопсуздугу үчүн токойчулар да алдын алуу иштерин үзгүлтүксүз улантып жатышат.

Ага карбастан, жарандар коопсуздук эрежелерине так маани бере беришпейт. Айрыкча, эс алуу учурунда жаш балдардын коопсуздугу да маанилүү. Мындан улам суу көлмөлөрү жана агымы шар аккан суу объекттеринде да атайын эскертүү тактайлары илинди.

Жарандар менен болгон жолугушууда кокустук катталган же кооптуулук жаралган учурда 101 же 112 кыска номуруна чалууга, эң оболу кырсыктын алдын алуу үчүн суу алдындагы жана өрт коопсуздук эрежелерин эске алуу зарылдыгын түшүндүрүп, атайын нускамаларды таркатышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу