Жаңылыктар

29.12.2023 10:58

   Кароолор: 683

БАТКЕН: КООПСУЗ БАЛАТЫ – КООПСУЗ ЖАҢЫ ЖЫЛ

Мына ушундай чакырык менен КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрү өрт коопсуздугун камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте жумуш алып барууда. Балаты майрамдарын жана жаңы жылдык кечелерди өткөрүүдө өрт коопсуздук эрежелерин эскертүү менен, өзүн алып жүрүү тартиби боюнча нускама өтүп жатышат.

Кызыл-Кыя, Баткен жана Сүлүктү шаарларында жана Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринде болгон ӨКМ аскер кызматкерлери имараттын эвакуациялык план, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышын да текшерүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу