Жаңылыктар

23.05.2024 14:57

   Кароолор: 687

БАТКЕН: КАРА-БУЛАКТА 60 ТУРАК ҮЙ СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГОЛУУДА

ӨКМдин Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчеминин негизинде Баткен районунун Кара-Булак айылында 1700 метр аралыкта сел өткөрүүчү сай тазаланууда. Айылды тең экиге бөлгөн сайда механикалык тазалоо иштерине ӨКМден техникалары тартылып, учурда аяктоо алдында турат.

Аталган участкадагы жүргүзүлүп жаткан иштердин сапаты менен ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жеринде таанышты. Аткарылган жумуштун сапатын көрүп, айылдын ылдый жагындагы участоктордо жергиликтүү бийликтин күчү менен тиешелүү жумуштарды алып барууну айыл өкмөт башчысына тапшырды.

Айыл башчысы белгилеп өткөндөй, механикалык тазалоо иштеринин натыйжасында Кара-Булак айылындагы 60 турак үй, 1500 метр ички чарбалык арык жана 2000 метр ички чарбалык жол сел кооптуулугунан корголот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу