Жаңылыктар

20.12.2024 15:21

   Кароолор: 313

БАТКЕН: КАЙРЫМДУУ ЖҮРӨК КАРЫБАЙТ

Кайрымдуулук жасоо, муктаж адамдын ажатын ачуу – коомчулукта үлгү болууга, адамгерчилик сапаттарды жайылтууга кошкон салым. Жардам колун сунуу да ар бир эле кишинин колунан келе бербейт. А бирок ӨКМдин Баткендеги өздүк курамы жыл тогошор алдында улгайган жарандардан кабар алып, балдардын кубанычына себепчи болуп кайтты.

Сүлүктү шаарындагы карылар үйүндө баш калкалап турган ата-апаларга кышкы жылуу кийим-кече алып барып, батасын алышса, Балдар үйүнүн тарбиялануучуларына да кийим-кече жана таттууларды берип, кубанычына ортоктош болушту. Мындай колдоону ишке ашырууга Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, бөлүмдүн алдындагы №26 ӨККБнүн өздүк курамы жана Башкармалыктын да кызматкерлеринен каржылык колдоо көрсөтүлгөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу