Жаңылыктар
05.09.2024 14:55
Кароолор: 763
БАТКЕН: КАДАМЖАЙДЫН ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА 41 ТУРАК ҮЙ, 5 ГЕКТАР ОГОРОД УЧАСТКАСЫ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГОЛУУДА
Учурда КР ӨКМдин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш мерчеминин негизинде сел коркунучунан коргоо чаралары Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында да жүрүүдө.
Азыркы тапта Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы Таш-Булак сел өткөрүүчү сайында ӨКМден бөлүнгөн экскаватор тарабынан 200 метр аралыкта механикалык тазалоо жумуштары башталды.
Жыйынтыгында 41 турак үй, 5 га огород участкасы, 3500 метр ички чарбалык жол жана мектеп сел коркунучунан коргоого алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР