Жаңылыктар
26.12.2024 10:41
Кароолор: 713
БАТКЕН: КАДАМЖАЙДАГЫ ТОЙКАНАДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Өрттүн алдын алууга, ага шарт түзүүгө ар бир жаран милдеттүү болуп саналат. Анын ичинде, коопсуздук эрежелерин камсыздоо өзгөчө маанилүү. Мына ошондуктан, турак жай же имараттарда гана эмес, коомдук жайларда да буга маани берүү зарыл.
Мындай маанидеги түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен гана чектелбестен, ӨКМ офицерлери практикалык сабактарды да өткөрүп жатышат. Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №76 ӨККБ тарабынан 2024- жылдын бекитилген планынын негизинде “Алмаз” тойканасында атайын өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлүп, өрт учурунда жабыркаган жаран куткарылды. Ошол замат Тез жардам кызматына өткөрүп берилип, өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракети астында тилсиз жоонун жайылып кетүү коркунучу жоюлду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР