Жаңылыктар
24.02.2025 10:51
Кароолор: 387
БАТКЕН: КАДАМЖАЙДАГЫ ООРУКАНАДА ТҮНКҮ МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бекитилген иш мерчемине ылайык, Кадамжай шаарындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Машыгууга Кадамжай району боюнча ӨКБнүн №76 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн өрт өчүрүүчү-куткаруучулар, кошумча күч катары 3-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан куткаруучулар тартылды.
Аталган борбордун өрт чыккан учурда даярдыгы, коопсуздук эрежелеринин сакталышы жана өзүн алып жүрүү эрежелери практикада текшерилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР