Жаңылыктар

28.04.2025 15:23

   Кароолор: 330

БАТКЕН: КАДАМЖАЙДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ

Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматкерлери өрт коопсуздук эрежелерин коомчулукка жеткирүү аракетин билим берүү мекемелеринде да улантууда. Бүгүнкү иш-чара Кара-Жантак айылында жайгашкан орто мектепте жана наристелер тарбияланып жаткан балдар бакчасында да уюштурулду.

Адегенде мугалимдер менен окуучуларга өрт өчүрүүчү куткаруучулардын куткаруу шаймандары, заманбап өрт өчүрүү унааларындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу тааныштырып, андан соң жалын чыгуу коркунучун алдын алуудагы жана ага каршы курөшүүдөгү аракеттер, коопсуздук эрежелери туурасында нускама өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу