Жаңылыктар
25.06.2024 13:01
Кароолор: 475
БАТКЕН: КАДАМЖАЙДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 692 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
25-июнь саат 12:00гө карата Баткен облусунун Кадамжай районунда катталган селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 63 куткаруучу, 1 Хово, 1 экскаватор, 2 мотопомпа тартылды.
Ошондой эле №46 Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 Хово, жергиликтүү бийликтен 400 адам, 2 самосвал, 1 жүктөгүч, Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынан 39 кызматкер, ИИМден 50 кызматкер, тез жардамдан 30 кызматкер, ыктыярчылардан 110 жалпы 692 адам, 8 техника тартылган.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР