Жаңылыктар

06.06.2024 09:17

   Кароолор: 322

БАТКЕН: КАДАМЖАЙДА СЕЛДЕН КИЙИН ЖОЛ КАТТАМЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛДИ

Кечээ, 5-июнь күнү кечки саат 20:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кадамжай районунун Майдан айылындагы Гараж, Анипа, Чокой сел өткөрүүчү сайларына сел суулары келген. Жерине башкармалыктын жана Кадамжай райондук ӨКБнүн башчысы баштаган ыкчам топ тартылып, №46 Жол тейлөө кызматына караштуу сай ичиндеги Үч-Коргон - Дароот-Коргон ички чарбалык жолун сел суулары баскандыгы аныкталган.

Калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү жашоочулардан 40 жаран, 2 жеке менчик экскаватор жана 1 Камаз тартылган.

Натыйжада Үч-Коргон - Дароот-Коргон унаа жолу толугу менн калыбына келтирилип, жол каттамы ачылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу