Жаңылыктар
23.06.2024 18:51
Кароолор: 277
БАТКЕН: КАДАМЖАЙДА СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 5 ТЕХНИКА ТАРТЫЛДЫ
Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 23-июнь күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Орозбеков айыл аймагынын Охна айылында Таш-Булак, Пүшкөбөт сел өткөрүүчү сайынан сел суулары түшүп, Айдаркен — Кадамжай унаа жолунун 35-40-чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган.
Аталган жол каттамын жана Охна айылындагы ички чарбалык жолду калыбына келтирүү, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМдин Баткен облустук башкармалыктын башчысы баштаган ыкчам топ, №46 Жол тейлөө ишканасынан 2 жүктөгүч, 2 грейдер, жеке менчик 1 экскаватор, жалпы 5 техника тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР