Жаңылыктар
28.06.2024 15:04
Кароолор: 256
БАТКЕН: КАДАМЖАЙДА СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 296 ЖАРАН, 41 ТЕХНИКА ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн, 28-июнга карата Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы сел кесепеттерин жоюуга ӨКМден 13 куткаруучу жана экскаватор тартылды.
Мындан сырткары, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 83 кызматкер, 1 экскаватор, 4 самосвал, 2 суу ташуучу, №46 ЖТИден жүктөгүч, грейдер, самосвал, манипулятор, жергиликтүү тургундардан 200 жаран, жеке менчик 23 портер, 3 экскаватор, 2 жүктөгүч жана трактор тартылды.
Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата 296 жаран жана 41 техниканын жардамы менен селден кийинки калыбына келтирүү иштери уланууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР