Жаңылыктар

08.07.2024 17:33

   Кароолор: 508

БАТКЕН: КАДАМЖАЙДА "ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ" РЕЖИМИ АЛЫНДЫ

 

Ушул жылдын 24-июнунда нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылында сел келип, турак үйлөргө, жер төлө жана социалдык объекттерге да сел суулары кирген.

Калыбына келтирүү иштерине ӨКМден куткаруучулар, техникалык каражаттар, Жарандык коргонуу кызматтарынан жана ыктыярчылардан жардам көрсөтүлүп, калыбына келтирүү жана сел кесепеттерин жоюу иштери жыйынтыкталгандыгына байланыштуу "Өзгөчө кырдаал" режими алынды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу