Жаңылыктар

12.03.2024 17:30

   Кароолор: 381

БАТКЕН: КАДАМЖАЙДА 54 ТУРАК ҮЙДҮ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГОО ИШТЕРИНЕ ӨКМден БУЛЬДОЗЕР ТЕХНИКАСЫ ТАРТЫЛДЫ

БАТКЕН: КАДАМЖАЙДА 54 ТУРАК ҮЙДҮ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГОО ИШТЕРИНЕ ӨКМден БУЛЬДОЗЕР ТЕХНИКАСЫ ТАРТЫЛДЫ

 

"Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш мерчеминин негизинде быйылкы жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун Күлдү айылындагы участка да бекитилген. Атап айтканда, Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнүн Күлдү айылынын сел жүрүүчү сайын механикалык тазалоо жумуштары башталды.

Аталган объекттеги жумушту алып барууга ӨКМден бульдозер техникасы тартылып, учурда тазалоо иштери кызуу уланууда. Иш мерчеминде бекитилген жумуш көлөмү аткарылып бүтсө, Күлдү айылындагы 54 турак жана 600 метр ички чарбалык жол сел алып кетүү коркунучунан корголот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу