Жаңылыктар
12.02.2025 16:38
Кароолор: 671
БАТКЕН: КАДАМЖАЙДА 30 ТУРАК ҮЙ МЕНЕН КОШО МЕКТЕП, БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН ИМАРАТЫ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГОЛУУДА
Быйылкы жылга карата бекитилген “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” мерчеминин негизинде ӨКМдин экскаватору Кадамжай районунун аймагында жумуш алып барууда. Атап айтканда, Орозбеков айыл аймагынын Таш-Булак айылында сел өткөрүүчү сайдын нугун тазаланууда.
Жаз-жай мезгилиндеги жаан-чачын мезгилинде сел сууларын коопсуз жана тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн сайдын 400 метр аралыгында механикалык тазалоо иштери жүргүзүлөт. Натыйжада Таш-Булак айылындагы 30 турак үй, 4 га огород участкалар, 400 метр ички чарбалык жол, мектеп жана балдар бакчасынын имараты корголот.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР