Жаңылыктар

24.08.2023 11:36

   Кароолор: 271

Баткен: Кадамжайда 25 турак үй жана 2,5 гектар жер аянтын сел коркунучунан коргоо иштери колго алынды

КР ӨКМдин Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чараларынын мерчемине ылайык, Кадамжай районунун аймагында быйылкы жылга бекитилген объекттерде да жумуш уланууда.

Эми Орозбеков айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба багытындагы 2,5 гектар жер аянты сел коркунучунан коргоого алынат. Киров участкасынын Таш-Булак сайында жүрүп жаткан механикалык тазалоо иштери 1200 метр узундукта аткарылып, жыйынтыгында 600 метр ички чарбалык арык жана 25 турак үй, ошондой эле спорт аянтчасы сел кооптуулугунан корголот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу