Жаңылыктар
25.10.2024 11:44
Кароолор: 321
БАТКЕН: КАДАМЖАЙДА 17 ТУРАК ҮЙ ЖАНА 5 ГЕКТАР ОГОРОД УЧАСТКАСЫ СЕЛДЕН КОРГОЛОТ
Бул багытта жумуш алып баруу үчүн өткөн жылы Майдан айыл аймагы тарабынан ӨКМге сунуш берилген. Ага ылайык, быйылкы жылга карата ӨКМдин Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчемине бекитилип, сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө иштери колго алынды.
Азыркы учурда Майдан айыл аймагындагы Чокой-Сай жана Ак-Чечек сел өткөрүүчү сайына габион торчосу орнотулууда. Сай жээги бекемделген соң, аймакта 17 турак үй, 5 га огород, 100 метр ички чарбалык жол жана 200 метр ички чарбалык арык сел коркунучунан коргоого алынмакчы.