Жаңылыктар
04.04.2025 11:35
Кароолор: 128
БАТКЕН: КАДАМЖАЙ-СЕМЕТЕЙ ЛИЦЕЙИНДЕ ТҮНКҮ МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Кадамжай-Семетей лицейинде уюштурулган түнкү машыгууга ӨКМдин Кадамжайдагы бөлүмүнөн өрт өчүрүү унаасы жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тартылды.
Өрт чыккан учурда жарандардын өмүрүн сактоо, аларды коопсуз жайга чыгаруу, алгачкы өрт өчүрүү шаймандарынын, ички жана тышкы суу булактарынын абалы, ыктыярдуу өрттөн сактоо кошуундарын окутуп үйрөтүү маанилүү болуп саналат.
Мындан улам атайын сценарий түзүлүп, ага ылайык №76 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучулары лицейдин имаратында чыккан жалынды өз учурунда өчүрүүгө жетишип, жабыркаган окуучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Андан соң мугалимдерге жана окуучуларга өрт коопсуздук эрежелери тууралуу нускама өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
https://www.facebook.com/mchs.gov.kg/videos/1011565887768022/