Жаңылыктар

23.12.2024 11:29

   Кароолор: 335

БАТКЕН: ИЗДӨӨ ИШТЕРИНЕ ЖАЛПЫ 48 АДАМ ТАРТЫЛДЫ

Кечээ, 22-декабрь күнү Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын тургуну (1980-ж.т. А.З. аттуу эркек киши) 2024-жылдын 19-декабрь күнү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, КР ИИМ кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү боюнча КР ӨКМнин Сүлүктү шаардык ӨК бөлүмүнө кат түрүндө кайрылышкан.

Издөө иштерине бүгүн Сүлүктү шаары боюнча ӨКБдөн 4 куткаруучу, ИИМден 25 жана чек ара кызматынан 2 кызматкер, 2 дрон, жергиликтүү элден 17, жалпы 48 адам тартылды.

Маалымат катары айта кетсек, кечээ, 22-декабрь күнү Сүлүктү шаарындагы №52 ӨКБдан куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулардан жалпы 26 жаран тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, натыйжа чыккан эмес.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу