Жаңылыктар

25.12.2024 19:23

   Кароолор: 461

БАТКЕН: ИЗДӨӨ ИШТЕРИ ЭРТЕҢ КАЙРА УЛАНТЫЛАТ

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу эртеңкиге чейин токтотулду.

Бүгүн ӨКМден жана Чек ара кызматынан, ошондой эле жергиликтүү элден жалпы 33 адам издөө иштерине тартылган болчу.

Белгилей кетсек, 19-декабр 40 жаштагы А.З. аттуу эркек киши үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, ИИМ кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү боюнча ӨКМдин Сүлүктү шаардык ӨК бөлүмүнө кат түрүндө кайрылган. Ошондон бери издөө иштери улантылып жатат.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу