Жаңылыктар

02.03.2024 17:29

   Кароолор: 456

БАТКЕН: ИЗДЕЛИП ЖАТКАН АЯЛДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Ушул жылдын 27-февраль күнү, 29 жаштагы Р. кызы Н аттуу аялды (ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген) издөөгө бүгүн ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен район-шаардык бөлүмдөрүнөн жалпы 31 куткаруучу издөө-куткаруу иштерине тартылган.

Натыйжада аталган жарандын сөөгү саат 16:12де Рават айылындагы тоо боорунан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

Алгач жогоруда аты аталган аялдын жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.

Аталган жаран Баткен районунун Ак-Татыр айылына баратып, аталган айылдан ары жайгашкан Рават айылында түшүп калган. Ички иштер бөлүмү тарабынан издөө иштери 3 күн бою жүргүзүлүп, кошумча күч катары ӨКМден жардам сурап кайрылышкан.

Буга байланыштуу, бүгүн Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №106 жана №31Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 23 куткаруучу, Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 8, жалпы 31 куткаруучу тартылып, алар Баткен районунун Рават, Ак-Татыр айылдарынын аралыгында, Баткен-Раззаков автоунаа жолунун эки тарабында жумуш алып барышкан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу