Жаңылыктар
31.10.2023 14:52
Кароолор: 668
БАТКЕН: ИСФАЙРАМ ДАРЫЯСЫНЫН НУГУН ТҮЗДӨӨ ЖАНА 4 АЙЫЛГА ӨТҮҮЧҮ ЖОЛ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГООГО АЛЫНДЫ
Кадамжай районунун аймагы аркылуу өтүүчү Исфайрам дарыясынын жээги жыл өткөн сайын эрозияга учурап, жаан-чачын көп жааган жаз-жай мезгилдеринде Майдан айыл өкмөтүндөгү ички жолдорго кооптуулук жаратып келген. Мындай ыңгайсыздыкты жоюу жана сел коркунучунан коргоо үчүн КР ӨКМ атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчеминин негизинде тиешелүү чаралар колго алынды.
Майдан айыл өкмөтүнүн Пум айылында Исфайрам дарыясынын кооптуу участкасын коргоо аракетинде суунун нугун түздөө жана габион торчо орнотуу жумушу башталып, азыркы тапта аткарылган жумуштун көлөмү дээрлик аяктоо алдында турат. КР ӨКМ тарабынан эксковатор жана самосвал бөлүнүп, 180 даана габион торчо бөлүндү.
Жыйынтыгында аталган айыл өкмөтүндөгү 12 турак үй, 3 чакырым жол, 1 гектар огород жана мечит, ошондой эле 4 айылга өтүүчү жол сел кооптуулугунан корголот.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР