Жаңылыктар

02.04.2024 09:16

   Кароолор: 377

БАТКЕН ГИМНАЗИЯСЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ БОЮНЧА ПРАКТИКАЛЫК САБАККА КАТЫШТЫ

Машыгуунун план сценарийине ылайык, катталган жер титирөөдөн улам Баткен облустук гимназия – жатак мектебинин окуучулары коопсуз жайга эвакуацияланды. Ал эми жараат алган эки окуучу ӨКМ кызматкерлери жана окуучулардан түзүлгөн “Жаш куткаруучулар” тобу тарабынан куткарылып, алгачкы жардам көрсөтүлдү.

Мугалимдер менен кошо окуучулар тизме боюнча тактоо иштерин жүргүзүп, кыска аралыкта өз класстары менен чогулууга жетишти. Ал эми өрт өчүрүүчү-куткаруучулар имараттан чыккан жалынды чектөөгө алып, ыкчам өчүрүүгө жетишти.

Бактыга жараша жер титирөөдөн, өрттөн олуттуу зыян жана адам өмүрүнө коркунуч келген жок.

Мындай учурда өзүн алып жүрүү жана коопсуздук эрежелери кандай болушу керек жана кандай катачылыктарга жол берилгендиги тууралуу ӨКМ офицерлери кеңири токтолуп, негизги эрежелер боюнча нускама өтүштү.

Андан соң өрт коопсуздугу, анын алдын алуу боюнча практикалык сабак уюштурулуп, окуучулар өрт өчүрүү каражаттарын пайдалануу эрежелерин аткарып көрүштү.

Мындай өрт-тактикалык сабактары ӨКМ кызматкерлери үчүн күжүрмөн даярдыкты камсыздоого шарт түзсө, мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн коопсуздук эрежелерин өздөштүрүү, өрт өчүрүү каражаттарын туура пайдалануу көндүмүн бекемдейт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу