Жаңылыктар
25.11.2024 11:54
Кароолор: 344
БАТКЕН: ГИМНАЗИЯ ОКУУЧУЛАРЫ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ-КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ЖУМУШЧУ КҮНҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Баткен шаарындагы гимназия жатак мектебинин окуучулары шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү-куткаруучулары менен жолугушту. Офицерлер тарабынан өрт кырсыктарынын алдын алууга жана тилсиз жоо катталган учурда өзүн туура алып жүрүү эрежелери тууралуу ачык сабак өткөрүлдү.
Заманбап үлгүдөгү өрт өчүрүүчү унааларда камтылган өрт өчүрүү, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис чаралар учурунда колдонуучу каражаттардын түрү, аларды пайдалануу тартиби менен таанышууга шарт түзүлдү.
Соңунда өрт жана башка кырсыктардын алдын алуу жана катталган учурда эрежеге ылайык өзүн алып жүрүү тууралуу нускама өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР