Жаңылыктар
10.12.2024 16:46
Кароолор: 168
БАТКЕН: ФУТБОЛ БОЮНЧА ОБЛУСТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
Салтка айланган мелдеш бүгүн КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан өткөрүлүүдө. Мелдешке шаар-райондук бөлүмдөрдүн куткаруучуларынан түзүлгөн командалар катышууда.
Жалпы жонунан 7 команда ат салышып, баткендик ӨКМ куткаруучулары футбол талаасында биринчилик үчүн күч сынашууда.
Спорттук чеберчилигин көрсөтүү менен катар эле куткаруучулар күжүрмөн даярдыгын жана ден соолугун чыңдоо максатында чүчү кулак тартып, мындай мелдеш башкармалыктын башка бөлүктөрүндө да өткөрүлүп келет.
Эртеден бери оюн талаасында мелдешип жаткан командалардын мыктылары кубок жана атайын сыйлыкка ээ болушат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР