Жаңылыктар

11.12.2024 17:39

   Кароолор: 206

БАТКЕН: ФУТБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШТИН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Өздүк курамдын ынтымак-биримдигин бекемдөөгө, спорттук жана күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга багытталган мелдеш жыйынтыкталып, 7 команданын ичинен башкы 3 орунду ээлеген командалар башкармалыктын башчысынын колунан сыйлыктарга ээ болду.

Футбол талаасында спорттук чеберчилигин көрсөтүп, мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн:

3-орунду Лейлек ӨКБ камсыздаса, 2-орунга Кадамжай ӨКБ ээ болуп, 1-орунду багындырган Башкармалыктын командасы кубокту жеңип алды.

Сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөп жатып, Башкармалыктын башчысы подполковник Т.Айткулов куткаруучуларга ар дайым бекем ден соолук, күжүрмөн даярдык жана ынтымак, ошондой эле кызматтык жетишкендиктерди каалады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу