Жаңылыктар
18.11.2023 10:22
Кароолор: 101
БАТКЕН: ФУТБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШТЕ БАШКАРМАЛЫК 1-ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ
Өздүк курамдын ынтымагын бекемдөө максатында өткөрүлүп келаткан спорттун кичи футбол боюнча "ЫНТЫМАК" кубогу Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өткөрүлдү.
Башкармалык жана район-шаардык бөлүмдөрдөн түзүлгөн командалар арасында алгач чүчү кулак тартылып, оюн талаасында командалар өз даярдыгын көрсөттү.
Жыйынтыгында 1-орунду Башкармалык,
2-орунду Лейлек жана
3-орунду Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн командасы багындырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР