Жаңылыктар

08.12.2023 11:40

   Кароолор: 256

БАТКЕН: ЭРЕЖЕЛЕР ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!

Жарандар кыш мезгилинин келиши менен, жылытуу системасын ар кандай шартта пайдаланышат. Ал эми меш жана электр приборлорун орнотуудагы катачылыктар тилсиз жоонун же ис газынын чыгуу коркунучун шарттайт. Мындай кооптуулуктун алдын алуу үчүн КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн тартипте улантылууда.

Алгачкылардан болуп, Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы электр жабдууларын саткан соода түйүндөрүн жана жаңы жылдык фейерверк, жардыруучу заттарды сактаган кампаларын кыдыра баштады. Өздүк курам өрт коопсуздук эрежелерин камсыздоо үчүн милдеттүү делген эрежелерди эскертип, нускама өтүп жатышат.

Ушундай эле маанидеги иш-чаралар Баткен, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаардык жана Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан да уюштурулууда. Мындан сырткары, билим берүү мекемелеринде, Бужум гимназия мектебинде, Сүлүктүдө В.И.Ленин атындагы орто мектебинде мугалимдер жана окуучулардын катышуусунда тилсиз жоонун алдын алуу аракеттери жана коопсуздук боюнча сабактар өткөрүлүп жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу