Жаңылыктар

06.02.2024 12:14

   Кароолор: 312

БАТКЕН: ДАРЫГЕРЛЕР ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ БОЮНЧА САБАКТАРГА КАТЫШУУДА

Кыш мезгилинде жылытуу приборлорун көп пайдалануудан улам өрт коопсуздук эрежелерине маани берүү зарыл. Ар бир жаран коопсуздук эрежелерин камсыздоого жана шарт түзүүгө да милдеттүү. Ошондуктан ӨКМ офицерлери өрттүн алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин турак жай секторлорунда гана эмес, мекеме-ишканаларда да улантышууда.

Бүгүн Баткен шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн аскер кызматкерлери облустук биргелешкен оорукананын кызматкерлерине атайын сабактарды уюштурса, Кызыл-Кыя шаарында жергиликтүү жашоочуларга өрт коопсуздук эрежелерин камсыздоо боюнча маалымат берүү менен катар сунуш кагаздары таркатылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу