Жаңылыктар
04.07.2024 10:04
Кароолор: 375
БАТКЕН: ДАН ӨСҮМДҮКТӨРҮН ЖЫЙНООДОГУ ӨРТ КООПСУЗДУГУ
Облус аймагында дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери кызуу уланууда. Буга байланыштуу ӨКМ кызматкерлери өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү Лейлек жана Баткен райондорунун аймагында улантып жатышат.
Адегенде ӨКМдин аскер кызматкерлери эгин талааларында болуп, техник-айдоочулар менен жолугушууда. Адистер дан эгиндерин оруп- жыйноодо жана айыл-чарба продукциясын камдоодо өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жана анын зарылдыгы тууралуу түшүндүрүп жатышат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР