Жаңылыктар

25.07.2024 17:15

   Кароолор: 357

БАТКЕН: ДАН ЭГИНДЕРИН ОРУП ЖЫЙНООДО ӨРТ КООПСУЗДУГУН ЭСКЕРТЕБИЗ

Учурда облус аймагында дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Буга байланыштуу ӨКМ кызматкерлери өрттүн алдын алуу жана коопсуздук эрежелерин эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Кызыл-Кыя шаарында өздүк курам айдоочулар менен жолугушуп, тилсиз жоонун алдын алуудагы негизги эрежелерди түшүндүрүүдө.

Ушундай эле маанидеги иш-чара Баткен шаарынын аймагындагы эгин аянттарында да жүрүп жатат. ӨКМ офицерлери эгин оруп-жыйноодо айдоочулардын техникалык каражаттардын абалын такай көзөмөлгө алып туруусун, тиешелүү техникалардыкароодон өтөрүү, ошондой эле ачык аянтта токтотуу, күйүүчү майды пайдаланууда же алып жүрүүдө этият болууга чакырат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу