Жаңылыктар

07.05.2024 19:46

   Кароолор: 215

БАТКЕН: ЧЕТ-БУЛАК КВАРТАЛЫНДАГЫ ИЧКИ ЖОЛДОР ТАЗАЛАНУУДА

Өлкө аймагындагы жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектеринде сел суулары келип, а түгүл турак үйлөрдүн жертөлөсүнө чейин кирген учурлар катталууда. Мындан улам 22-25-апрель күндөрү жааган жаандын кесепетинен Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы ички чарбалык жолдорго да сел суулары келген.

Шаар аймагындагы жол каттамын жөнгө салуу жана Атайын алдын алуу, кесепеттерин жоюу максатында Баткен шаардык мэриясы тарабынан грейдер бөлүнүп, күйүүчү май менен камсыздалды. Натыйжада жолдун эки жээгине ички чарбалык арыктарды ачуу, жолдорду тазалоо жумуштары жүргүзүүлүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу