Жаңылыктар
28.01.2025 15:00
Кароолор: 316
БАТКЕН: ЧЕК АРА ТОЗОТУНДА ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТУУРАЛУУ САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ
Кадамжайлык өрт өчүрүүчү-куткаруучулар бүгүн өрттүн алдын алуу багытындагы профилактикалык иш-чаралар мерчемин “Алга” чек ара тозотунда улантышты. Өздүк курамдын катышуусунда коопсуздук эрежелери тууралуу сабак өткөрүп, андан соң өрт өчүрүү каражаттарын пайдалануудагы негизги эрежелер тууралуу практикада көрсөтүп беришти.
Андан соң, Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана мекеме-ишканалардын башчыларына да тилсиз жоонун алдын алуу, эң негизгиси жаш балдардын от менен ойноосуна жол бербөө, отту кароосуз калтырбоо жана электр зымдарын туташтырууда эрежелерди так сактоо тууралуу эскертишти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР