Жаңылыктар
04.10.2024 18:59
Кароолор: 253
БАТКЕН: БОЗ-АДЫРДА 150 ТУРАК ҮЙ СЕЛ КООПТУУЛУГУНАН КОРГООГО АЛЫНДЫ
ӨКМ тарабынан жыл сайын Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчеми бекитилип, ага ылайык аймактарда сел кооптуулугун алдын алуу чаралары жүргүзүлөт. Аталган иш мерчеминин графигине ылайык, учурда Баткен районунун аймагында да ӨКМден бөлүнгөн техникалар иштеп жатат.
Атап айтканда, Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынынын Боз-Адыр айылында жумуш жүрүүдө. Айылдын түндүк тарабындагы Камыш-Кол участкасында 350 метр аралыкта сел тосмосу курулуп, ӨКМден бөлүнгөн экскаватордун жардамы менен 150 турак үй, 4700 метр ички чарбалык жол, ФАП жана айыл өкмөтүнүн имараты сел кооптуулугунан коргоого алынды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР