Жаңылыктар
27.02.2025 13:30
Кароолор: 384
БАТКЕН: БОРБОРДУК БАЗАРДАГЫ МАШЫГУУДА КЕМЧИЛИКТЕР АНЫКТАЛДЫ
Бүгүн, 27-февраль күнү Баткен шаарындагы Баткен райондук корпоративине караштуу борбордук базарында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Тилсиз жоо катталган учурда сатуучулардын жана кардарлардын өмүрүн, ошондой эле материалдык баалуулуктарды сактап калуу, коопсуз жайга чыгууда өзүн алып жүрүү эрежелерин практикада бекемдөө-башкы максат болуп саналат.
Тилекке каршы, машыгуу учурунда өрт өчүрүүчү унаа тоскоолдуктардан улам толук кире алган жок. Ал эми Өрткө каршы көзөмөл кызматы жана ӨКМдин кызматкерлери текшерүү учурунда базардагы суу сактагыч көлмөсү жана суу түтүкчөсү жок, өрт өчүрүүчү калканчалар жетишсиз жана өрт өчүрүүчү шаймандар менен толукталбагандыгын, сатуучуларда өрт өчүрүүчү баллон (огнетушитель) жок жана эвакуациялык пландар түзүлгөнбөгөндүгүн, ыктыярдуу өрттөн сактоо кошуундары уюштурулбагандыгын аныктап чыгышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР