Жаңылыктар

13.01.2025 20:00

   Кароолор: 148

БАТКЕН: БӨЛҮМДӨРДӨ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ЖУМУШТАРЫ АТКАРЫЛДЫ

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бөлүмдөрү күз-кыш мезгилдерине карата өз учурунда даярдык көрдү. Анын алкагында башкармалыктын башчысы подполковник Т.Айткуловдун демилгеси жана колдоосу менен оңдоп-түзөө жумуштары аткарылды. Тактап айтканда, КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен району жана шаары боюнча бөлүмдөрүндө жумуш жасалды.

Ал үчүн өздүк курам имараттын айланасында бетон куюу, бөлмөлөрдө актоо, сырдоо иштерин аткарышты. Мындан сырткары, бөлүмдө өздүк курамдын коопсуздугун камсыздоо жана түзүлгөн шартты жакшыртуу аракетинде түнкү жарыктандыруу иштери да бүткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу