Жаңылыктар
21.10.2024 15:50
Кароолор: 341
БАТКЕН: БОЛОЧОКТОГУ КУТКАРУУЧУЛАР ҮЧҮН ЭКСКУРСИЯ УЮШТУРУЛДУ
Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын түйшүктүү, ары сыймыктуу кесибин ар бир эле адам түшүнө бербейт. Анткен менен алардын жумушун сүйүп, а түгүл келечекте бул кесипти тандагысы келген наристелер да жок эмес. Мындай зээндүү, шыктуу бөбөктөр үчүн бүгүн Баткен районунун Самаркандек айылында атайын экскурсия уюштурулду.
“Наристе-Самаркандек” балдар бакчасынын тарбиялануучулары №31 өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө болуп, атайын кийимдерди кийинген наристелер өрт өчүрүү унаасы, куткаруу шаймандары менен таанышып, өрттү өчүрүү иш аракеттерине да кызыгып көрүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР