Жаңылыктар
20.04.2024 10:58
Кароолор: 123
БАТКЕН: БЕКИЛИП КАЛГАН ЖАШ БАЛДАР КУТКАРЫЛДЫ
Кечээ, 19-апрель күнү түнкү саат 22:59да Кызыл-Кыя шаарындагы Энгельс көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринде жаш балдар бекилип калгандыгын билдиришкен. Батирде 3 жаштагы наристе жана 8 жаштагы жеткинчек бир туугандар болгон. Бул тууралуу 101 байланыш кызматына маалымат келип түшкөн.
Жерине саат 23:01де, №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 өрт өчүрүүчү куткаруучу атайын өрт өчүрүүчү унаасында чыгып, саат 23:12де балдарды аман-эсен жакындарына өткөрүп беришкен.
Балдардын абалы туруктуу. Жабыркагандар жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР