Жаңылыктар
14.03.2024 18:04
Кароолор: 371
БАТКЕН: БЕКИЛИП КАЛГАН ҮЙДӨГҮ 2 БАЛА КУТКАРЫЛДЫ
Бүгүн, 14-март күнү Кызыл-Кыя шаарынын Султанов көчөсүндө батирдин эшиги бекилип калгандыгын, үйдө 7-10 жаштагы 2 жаш бала бар экендиги тууралуу 101 байланыш кызматына маалымат түшкөн.
Саат 15:40та шаардагы №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылып, аталган дарекке саат 15:43тө жетишкен.
Көп кабаттуу үйдүн терезеси аркылуу кирген куткаруучулар саат 15:58де эшикти ачып, батирдеги 2 жаш баланы аман-эсен куткарып, ата-энесине өткөрүп беришти.
Жабыркагандар жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР