Жаңылыктар

18.02.2025 11:57

   Кароолор: 158

БАТКЕН: “БАЯМАН БААТЫР” БАЗАРЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

“Баяман баатыр” базарында уюштурулган өрт-тактикалык машыгууга Кадамжай району боюнча ӨКБнүн №76 ӨККБнун өздүк курамы жана атайын өрт өчүрүүчү унаасы тартылды. Иш мерчемине ылайык өткөрүлүп жаткан машыгууда Тез жардам жана Электр тармактар ишканасы да чогуу жумуш алып барды.

Эске салсак, “Баяман баатыр” базарында өткөн жылда эле 2 ирет тилсиз жоо катталып, материалдык чыгым дээрлик 60 млн сомго жеткен. Мындан улам, бүгүнкү иш-чара учурунда дагы бир ирет өрт коопсуздук эрежелери эскертилип, базардын жетекчилигине, сатуучуларга нускама өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу