Жаңылыктар

23.12.2023 18:28

   Кароолор: 272

БАТКЕН: БАТИРДЕ БЕКИЛИП КАЛГАН КЫЗДАР КУТКАРЫЛДЫ

Кызыл-Кыя шаарынын 60 жылдык көчөсүндөгү үйдүн батиринин эшиги бекилип калгандыгы боюнча саат 17:18 да маалымат келип түшкөн. Куткаруу иштерине №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары саат 17:24да жетишкен.

Көп кабаттуу турак үйгө үч шатынын жардамы менен чыгып, батирдин терезеси аркылуу кирген куткаруучулар саат 17:38 де эшикти ачып беришкен. Батирдин ичинде 2012-жылы жана 2009-жылы туулган бир тууган кыздар болгон.

Бактыга жараша жабыркагандар болгон жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу