Жаңылыктар
31.12.2024 12:51
Кароолор: 591
БАТКЕН: БАЛАТЫДАГЫ БАЛДАРДЫН КУБАНЫЧЫ
Саналуу сааттардан соң жаңы жылды тособуз. Бул майрам өзгөчө биздин бөбөктөр үчүн кубаныч тартуулайт. Кооз балатыны айланып, жаңы жылдык белектерге ээ болгон келечек ээлери-Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучуларынын балдары.
Ар кандай кырдаалда издөө, авариялык куткаруу иштерин жүргүзүп, калк кызматында жүргөн куткаруучулар бүгүн балдарга майрамдык шаң жаратып, бөбөктөр менен чогуу экскурсия уюштурду.
Өздүк курам тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланып, таланттуу балдар Аяз ата, Аяз кыздын белектерине ээ болушту.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР