Жаңылыктар
27.12.2024 10:08
Кароолор: 198
БАТКЕН: БАЛАТЫ ЖАНА БАЛДАР
Кызыл-Кыя шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн иш-мерчеминин негизинде 1-кичи районунда практикалык сабак өткөрүлдү. “Жеткинчек” балдар бакчасында уюштурулган өрт-тактикалык сабакка жаш жеткинчектер менен тарбиячылар активдүү катышты.
Адегенде өрт коопсуздугу тууралуу нускама өткөрүлүп, болочокто куткаруучу болууну самаган наристелерге өрт өчүрүү унаасын тааныштырышты. Андан соң тарбиячылардын көмөгү менен бөбөктөр коопсуз жайга чыгып, куткаруучулардын жумушун өз көзү менен көрүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР