Жаңылыктар

07.12.2023 11:29

   Кароолор: 177

БАТКЕН: БАЛА ЖЫЛМАЙСА, ААЛАМ ЖЫЛМАЯТ

Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери “Жакшылыкта жарышалы” деген чакырык менен өз колдоосун улантып жатышат. №108 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы бул ирет балдардын кубанычына ортоктош болуп кайтты.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар күнүнө карата колдоо көрсөткөн ӨКМдин аскер кызматкерлери бул сапар Кулунду айылындагы "Үмүт шооласы" балдарды калыптандыруу борборунда болушту. Аталган борбордун тарбиялануучулары менен жолугушуп, майрамдык таттууларды белекке беришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу