Жаңылыктар
25.08.2023 10:33
Кароолор: 412
Баткен: Бакай участкасында сел өткөрмө курулууда
ӨКМ тарабынан жыл сайын табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча кооптуу делген объекттер аныкталып, жылдык иш мерчемине бекитилет. Алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-мерчеминде быйыл Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагы да каралган.
Учурда жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Бакай участкасында сел жүрүүчү сайга сел өткөрмө курулууда. Курулуш иштери жергиликтүү бийлик тарабынан аткарылып, КР ӨКМ тарабынан тиешелүү материалдык баалуулуктар камсыздалды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР