Жаңылыктар

15.09.2023 12:27

   Кароолор: 3571

Баткен: Баатырларга эстелик мемориалы ачылды

Бүгүн, 15-сентябрь күнү 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилди. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан иш-чарага каза болгон мекендештерибиздин үй-бүлө, жакындары да катышты.

“Жеңиш” паркында ачылган эстелик мемориалында чек ара окуясында курман болгон ӨКМдин офицери, маркум А.Ысмановдун да ысымы жазылган. Ал кызматтык милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, элди эвакуациялоо учурунда душман огунан каза болгон.

Кесиптештери лейтенант А.Ысмановдун эрдиги башкаларга үлгү экендигин, ал эми үй-бүлөсү анын камкордугун, боорукер жана жоопкерчиликтүү сапаттарын айтып эскерет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР