Жаңылыктар
14.03.2024 18:12
Кароолор: 575
БАТКЕН: АТАМ КУТКАРУУЧУ, АПАМ ТЕЗ ЖАРДАМ КЫЗМАТЫНДА ДАРЫГЕР. КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮ АР ДАЙЫМ ДАЯРДЫКТА ТУРАТ
“БИЗДИН КААРМАН”
БАТКЕН: АТАМ КУТКАРУУЧУ, АПАМ ТЕЗ ЖАРДАМ КЫЗМАТЫНДА ДАРЫГЕР. КУТКАРУУЧУЛАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮ АР ДАЙЫМ ДАЯРДЫКТА ТУРАТ
Куткаруучулук кесиптин ээлери биздин арабызда жүргөн менен, алардын оюнда, дилинде, тилегинде да ар дайым эл-жердин тынчтыгы турат. “Эч кандай кырсык катталбаса, айттырбай келген тилсиз жоо чыкпаса, эч ким зыянга учурабаса экен”,- деген ак тилек ар бир ӨКМ куткаруучусуна таандык. Ошентсе да, ар дайым күжүрмөн даярдыкта турган аскер кызматкерлерибиздин бири, Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кароол башчысы - лейтенант Акжол Ибрагимов. Ал бул кызматка келген 2 жыл аралыгында көп окуяларды баштан кечиргендигин айтат. Эмесе, сөз башынан болсун.
Акжол Ибрагимов кенчилердин шаары болгон Сүлүктүнүн кулуну. Ал 1996-жылдын 5-майында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу. Атасы Жаныбек Ибрагимов КР ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматында куткаруучу, апасы дарыгер болгондуктан, Акжол бала кезинен эле жарандарга жардам берүүгө, куткаруу иштерине кызыгуусу арта баштаган. Бирок, орто билимге ээ болгон соң Бишкек шаарындагы Кыргызстан Эл аралык университетинин экономика адистигине тапшырып, билимин улантат. Ал аралыкта убактысын текке кетирбестен, аскердик кафедрада окууга да жетишет.
“Алма сабагынан алыс түшпөйт”,-дегендей, ата жолун жолун жолдогон Акжолдун үй-бүлөсү дагы бир куткаруучу менен толукталат. Себеби ошол кезде жаңыдан аскерлештирилип жаткан Сүлүктү шаарындагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө алгачкы эмгек жолун баштап, кароол башчы кызматына кабыл алынат.
Өрт өчүрүүчү-куткаруучу катары жалын менен гана күрөшпөстөн, шаарда өрт кырсыктарынын алдын алуу, ар кандай өзгөчө кырдаалдар учурунда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине да активдүү катышып, министр Б.Ажикеевдин “Алкыш барагын” алууга жетишкен. Учурда келинчеги экөө 2 уулду тарбиялап өстүрүүдө. “Эрте менен баарыбыз өз жумушубузга кетебиз. Кээде түн ичинде жумушка чыгып кеткен учурлар да болот. Себеби, биздин жумуш ушундай. Апам да тез жардам кызматында эмгектенген үчүн, ар кандай убакытта чакыруу түшүп калат. Ошондуктан, биздин үй-бүлө элге жардам берген мындай гумандуу кесиптин түйшүгүнө көнүп калганбыз.
Азыр балдарым да аскердик форма кийгенимди көрүп, сиздей куткаруучу болом деп шыктанып калышкан. Жумушка узатып, же үйгө келгенде да аскердик саламдашуу менен тосуп алышат. Анын үстүнө, көчөдө баратканда да бир туугандай жакын учурашып, ыраазычылыгын айткандарды көргөндө өз жумушуңа болгон урмат, сый да жогорулайт. Бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Мекенибиз тынч, элибиз аман болсо, биз өз кызматыбызды ак ниеттүүлүк менен аткарууга ар дайым даярбыз”-дейт каарманыбыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР