Жаңылыктар
10.09.2024 10:48
Кароолор: 346
БАТКЕН: “АТАЙЫН УНААЛАРГА ЖОЛ БОШОТ” АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Атайын унаалар өтүп баратканда, көпчүлүк жарандар унааларын четке чыгарып, жол бошотууну этибар алышпайт. Адам өмүрүн сактап калууга же кайсы бир куткаруу иштерине бараткан ӨКМдин атайын унаалары да көбүн эсе ушул көйгөйдөн жабыркашат.
Мындан улам шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан “Атайын унааларга жол бошот” акциясы өткөрүлдү. Аталган акция шаардын башкы көчөлөрүндө уюштурулду.
Айдоочулардын аң сезимин өзгөртүүгө багытталган иш-чарага шаардык ички иштер бөлүмүнүн инспекторлору да көмөк көрсөтүүдө. Талапка ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган акция учурда ӨКМ жана Ички иштер бөлүмүнүн инспекторлору менен биргеликте облустун бардык район-шаарларында уюштурулууда. Алгачкылардан болуп, Баткен шаарында уюштурулган иш-чаранын жыйынтыгында 7 протокол түзүлүп, айып пул жазылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР