Жаңылыктар
05.12.2023 12:03
Кароолор: 564
БАТКЕН: АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ДАЯРДЫГЫ БААЛАНДЫ
ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери, Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жана Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары бүгүн жыл жыйынтыгын чыгарууга чогулду. Өздүк курам кесиптик жана дене тарбиялык жактан даярдыгын көрсөтүп, аралыкка чуркоо, жерден түртүлүү (отжимание), турникке тартынуу, радиациялык жана химиялык уулуу заттардан коргонуу каражатын убакытка кийишти.
Ошондой эле, саптык даярдык жана кесиптик билими боюнча да сынак тапшырышты.
2023-жылдын жыйынтыгы менен өздүк курам буга чейинки алган билим-тажрыйбасын бышыктап, физикалык мыкты даярдыкты, кесипкөйлүктү талап кылган куткаруучулук кесиптин ээлери дене тарбия, коомдук мамлекеттик, саптык жана тактикалык даярдыгын көрсөтүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР